12-августан тарта аба-ырайы кескин өзгөрүп, күн сууктайт

11 август 2023 17:48 1510 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эртең, 12-августан тарта аба-ырайы кескин өзгөрүп, катуу жаан-чачын жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 12-августь күндүз жана 13-14-августтарда Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 

Өлкөнүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы кескин төмөндөп: 13-15-августтарында Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 20…25°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 18…23°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 23…28°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 10…15°, бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5°, күндүз 4…9°ка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 5…10°, күндүз 18…23°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 4…9°, күндүз 18…23°ка чейин болушу мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Ссылка: https://barometr.kg/12-avgustan-tarta-aba-yrajy-keskin-zgrp-kn-suuktajt



Добавить комментарий