Курбу кызым жашоомду биротоло өзгөрттү, эмне үчүн?

13 август 2021 17:16 2561 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Эмне үчүн курбулар бири-бирин көрө албайт? Курбу кызым жашоомду биротоло өзгөрттү, эмне үчүн? Мен ага эч жамандык кылган эмесмин”,-деп кайрылды Малика.

Barometr.kg сайтынын дарегине, соцтармактагы баракчасына көптөгөн каттар келет. Аларга жооп иретинде биз “Айым сыры” деп аталган рубриканы сизге сунуштайбыз.Жан дүйнөңүздү түйшөлткөн суроолор болсо окурмандарга кайрылып пикир алсаңыз болот. Маселени кээде башкача чечүү дагы ишке көмөк берерин унутпаңыз!

Бул жолу Малика (аты өзгөртүлдү) аттуу окурмандан төмөнкүдөй маанидеги кат келди.

“Саламатсыздарбы, мен сиздерге кеңеш алайын деп кайрылып жатам. Бүгүн аялдарды түйшөлткөн суроолордун бирин берейин деп ойлодум Жашым 28 жашта, укук коргоо органдарында иштеген мырзага турмушка чыккам. Жашообуз абдан жакшы болчу, үй-жайыбыз, жетишерлик байлыгыбыз бар эле. Күйөөм акчаны абдан жакшы тапчу. Мен беш жыл дүкөн кыдырып, өзүмө жаккан кийимдерди, зер буюмдарды сатып алып, каалагандай эркелеп жашадым. Жолдошум менен бир уулдуу болуп жакшынакай эле жашап жатканбыз. Кайын-журтум деле эч нерсе дешчү эмес. Бир ирет курбу кызым Айдина келип Дубайга чогуу эс алууга барып келели деп калды. Макул деп бирок жолдошумдан уруксат ала албай көпкө жүрдүм, аны барасыңбы десем жумуштан бошотушпайт деп койду. Акыры талашып-тартышып жатып, уруксат алып Дубайга учтук. Бир жума керемет өттү. Эмне деген гана сонун күндөр болду. Бирок эс алуудан кайтып келгенден кийин күйөөмдүн мамилеси өзгөрүп, мени кызганып, “Дубайга жөн барып келген жоксуң”,- деп эле жемелеп жатып калды. Чындыгында мен эч кандай жаман ишке барган эмесмин. Жарым жылдай уруш талаш кылып жүрүп акыры эки айрылыш жолго түштүк. Андан соң жолдошум башка аялга үйлөндү. Кийин бир канча убакыт өткөндөн соң бирөолөр аркылуу курбу кызым мени жолдошума жамандаганын, анын айткандары ажырашуубузга себеп болгонун билдим. Курбум менен урушуп, мамилемди үздүм. Азыр уулум менен турам, мурдагыдай акчаны кенен кармап жүргөн күндөрүмдү эстеп сагынам. Бүгүн аялдарды түйшөлткөн суроолордун бирин берейин деп ойлодум. Эмне үчүн курбулар бири-бирин көрө албайт? Курбу кызым жашоомду биротоло өзгөрттү, эмне үчүн. Мен ага эч жамандык кылган эмесмин”,-деп кайрылды Малика.

Бул суроого кандай пикир кошосуз, урматтуу окурман?

Ссылка: https://barometr.kg/kurbu-kyzym-zhashoomdu-birotolo-zgrtt-emne-chn



Добавить комментарий