Күйөөм менен кантип мамилемди жакшыртсам болот?
“Мурдагы күйөөм менен же жараша албай, же ажыраша албай жатам.Кеңеш бериңиздер”,- деп кайрылды Кундуз.
Barometr.kg сайтынын дарегине, соцтармактагы баракчасына көптөгөн каттар келет. Аларга жооп иретинде биз “Айым сыры” деп аталган рубриканы сизге сунуштайбыз.Жан дүйнөңүздү түйшөлткөн суроолор болсо окурмандарга кайрылып пикир алсаңыз болот. Маселени кээде башкача чечүү дагы ишке көмөк берерин унутпаңыз!
Бул жолу Кундуз (аты өзгөртүлдү) аттуу окурмандан төмөнкүдөй маанидеги кат келди.
“Саламатсыздарбы, мен шаардагы “Глобус” маркеттеринин биринде иштейм.Эл катары эле жөнөкөй жашап жүргөн адаммын, бирок акыры учурларда эмне кылсам деген ойдо болуп жатам,жообун такыр таба албай жатам, кеңеш бериңиздер. Жолдошум менен бир жылдан бери ажырашып, эжемдикинде жашайм. Ошондон бери мурдагы күйөөмдөн кутула албай келем, Келип “сени сүйөм, сенсиз менде күн жок, сенсиз өлөм” деп коркутат, алдайт, анан үйгө алып кетет. Квартирада турабыз, балалуу боло элекпиз. Анан кайра эле урушуп-талашып, сабашып, ызы-чуу чыгарып кирет, мен кетип калам. Милицияга дагы берип көрдүм, алар өзүңүздөр чечишип алгыла деп коюшту. Ошону менен кайра бир эки жума жоголуп кетип, анан келип эле чыр салып, мени кызгана берет.Эжемдин кошуналарына да уят кылып бүттү. Же ажырашкан аял эмес, же ажырашпаган аял эмес, ортодо калдым. Жаман мүнөзүн кантип токтотсом болот. Кантип мамилени оңдосом болот же кантип биротоло ажырашсам болот?”,-деп кайрылды Кундуз.
Кундузга кандай кеңеш бересиз, урматтуу окурман?
Ссылка: https://barometr.kg/kjm-menen-kantip-mamilemdi-zhakshyrtsam-bolot
Добавить комментарий ×