Купуя сыр: Жубайым болсо да кудачамды унута албай жүрөм
“Барометрге” окурмандар тарабынан күн сайын купуя каттар келип турат. Бул ирет каарманыбыз жашоосундагы күтүлбөгөн окуядан улам, жубайынын көзүнө чөп салып кечирилгис ката кетиргени тууралуу сиздер менен бөлүшөт.
Жубайымдын артынан көп чуркадым.
"Жубайымдын жүрөгүн багындырууга көп чуркадым, сүйүүмдү бир нече ирет билдирип, бирок жакшы жооп ала албаган соң ага жетүүнүн бир гана жолу бар экенин билип, ала качып алгам. Жашообуз эл катары жакшы эле болду. Ал мени мен аны түшүнүшүп, бири-бирибизди сыйлап, уруш-талашы жок өмүр сүрүп жаттык. Эки балалуу болуп, балдарыбыз ортобузду мурункудан да жакындатып койду. Балдарды бакчага берип экөөбүз жумушка жөнөйбүз. Кечинде чогулганда божурап, кечке болгон жаңылыктардан айтып, айтоор биздин үйдө майрам. Кичинекей үйүбүздүн ичинде чоң бакыт бар эле. Азыр деле бактылуу жашоо кечирип жатабыз, бирок менин жүрөгүмдү эзип, күнөөлүү сездирген бир окуя, сыр болуп катылып келет.
Бир күнү дем алышта жубайым алыскы тууган эжелеримдин кайын сиңдисин үйгө ээрчитип келип калды. Бул ким экенин билбей жатат го дегенсип мени ваннага жетелеп барып чоо-жайын айтып берди:
"Кайын журтуна таарынып баса берген окшойт. Мага эч нерсе деле айткан жок. Бирок колундагы кичинекей ымыркайы менен суукта автобус күтүп аялдамада олтуруптур. Автобустун кеткени качан. Бараар жерим жок дегенинен ээрчитип келе бердим. Эртең эжекемдердикине жеткизип койсоң андан ары төркүнүнө кетип калар, бүгүн биздикине жатып алсынчы", - деди. Мен чоочун киши болбогондон кийин макул болдум.
Жылуу тамагын даярдап, келинчегим кудачаны жакшылап коноктоду. Балаңды көргөнүм деп колуна тыйын да карматты. Сыртка чыгып барып памперс, дагы бир керектүү нерселерин сатып келип берип, күйпөлөктөп эле жатты. Мунусу албетте, менин эжем менен жездеме болгон урматы экенин билип кубанып жаттым. Бирок мага кудачанын минтип жүрүшү жаккан жок. Көзү ойноктоп, шойкому бар келиндей көрүндү. Кыз кезинде эле көп басат деп угуп калчумун, ошонун азабынан күйөөсү үйдөн кууп салды го деген ой келди. Сыр бербей бир бөлмөгө тыгылышып жатып калдык.
Кечинде келинчегим:
"Эртең дем алыш, бирок мен жумушума барыш керек болуп калды. Балдардын уйкусун кандырып, курсагыңарды тойгузгандан кийин, кудачаны эжемдикине жеткирип кой. Балдар да чоң аталарын көрүп келсин, машинага салып ал", - деди. "Эл дем алса сен иштеп", - деп бир сыйра күңкүлдөмүш болуп жатып калдым. Эртең менен келинчегимдин кайсы убакта туруп кеткенин билбей уктап калган экенмин. Акырын башымды көтөрсөм баары эле уктап жатышат. Мен да бир аз жата турайын деп кайра жуурканга башымды каттым.
Мен татуу уйкуда жатсан коюнума бирөө кирип келгендей болду. Келинчегим кете элек турбайбы, убакыт эрте болгонунан кайра бир аз жата турайын деп жатат го деп ойлогонумча эле жылаңач бойдон кудачам коюнума кирип келип, жалындуу ыссык илеби менен менин үстүмө жатып калды:
"Менден качып жатасызбы? Мага окшогон кыздар сизге жакпайбы? Мен сизди көргөндө эле делебем козголуп, кучагыңызга киргим келген. Кантип айласын тапсам экен деп жатсам, ырас келинчегиңиз кетип калды. Коркпоңуз эч кимге айтпайм", - деп кош алмадай көкүрөгүн мага такап, өпкүлөп, сылап жиберди.
Эркектик кумарга айла жок экен, чын эле жылаңач жаткан келинди көрүп делебем козголуп, жаман ой ээлеп алды. Ээн үй, балдар бейкапар уйкуда жатышат. Беш мүнөттүк ишти жасап койсом мени ким көрүп жатты эле, денем бошоп жыргап калбаймынбы. Анын үстүнө аялым дагы көптөн бери тазаланып жатам деп кумарымды кандыра элек болчу. Кармана албай келиндин ысык эринине эринимди тийгизип, жылуу жууркандын ичине каттым. Тим эле кыткылыктап, кылыгы шумдук экен. Денемди бүтүндөй дирилдете сылап, соймоңдогон тили менен көкүрөгүмдү кытыгылап, кулагыма каалоосун айтып шыбырап, эстен тандырчудай экен. Баарын унуттум, баарына көз жумдум дагы кумарлуу кудачамдын эңсөөдөн сууланышып чыккан уячасына "уурулукка" кирдим. Бирди төрөгөн келиндикиндей эмес, тим эле ысык жери меникин кысып, түз эле бейиштин төрүн карай жетелеп бараткансыды. Кыймылыма кыймыл менен жооп берип, жамбашын көтөрө калып, бирде эки бутун белиме орой коюп айламды кетирди. Жапжаш туруп мынчалык азгырык экенин билбепмин. Жыйырма жашка чыга элек болсо да, төшөктө тажрыйбалуу аялзатындай экен. Бир топко чейин кумарлуу оюндун аягына чыккым келбей бар күчүмдү жумшадым. Жыргал деп ушуну айт, не бир түркүн ыкманы мага тартуулады. Денем балкып, жыргалым сыртка суурулуп чыгып, үстүнө шылк куладым. Ошондо да астымда жатып алып:
“Укмуш экенсиз, аялыңыз сиздей чыныгы жигит менен жашаганга бактылуу болсо керек. Келиңиз, мен сизге такыр тойбой жатам. Балким биз башка жактан жолугуп эч ким жок жерге барарбыз”, - деген оюн айтты.
Ана ал төшөктө мыкты болсо да күйөөсүнө жакпай койгонун айтты.
“Менин ыссыктыгым, төшөктөгү ыссык делебем ага жакпай койду, ошол себептен төркүнүмө баса бердим. А мен эркексиз көпкө чыдап жүрө албайм. Бир күн эркеги жок жашоо өткөрүү мен үчүн кылымга тете. Ошондойлугумдан аялы бар эркектин коюнуна өзүм кирип бардым”, - деди күлүмсүрөп.
Балдар ойгонгондо аны үйүнө жеткирип койдум. Бирок ал кыз менен болгон мамилем ар дайым делебемди козгоп, эңсечү болдум. Эмне кылам келинчегим билип калса мени эч качан кечирбесин билем. Бирок эркектик напсим аны эңсеп, сагынчу болдум. Издеп барайын дейм, үй-бүлөмө билинип калса эмне болот? Укмуштуудай кумарлуу аялзатына болгон сагынычым күн санап күчөп жатат? Кантип унута алам, сиздерден кеңеш күтөм?"
Ссылка: https://barometr.kg/kupuya-syr-zhubajym-bolso-da-kudachamdy-unuta-albaj-zhrm
Добавить комментарий ×