Роналду жубайынын текеберлигинен чарчадыбы? Түгөйлөр ажырашса жубайы канча каражат алары белгилүү болду

25 апрель 2023 15:08 2993 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Криштиану Роналду менен Джоржина Родригес ажырашып кетсе футболчунун жубайы канча каражатка ээ болору маалымдалды. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт. 

Чет элдик маалымат каражаттары, жылдыздуу футболчу жубайынан алыстап калганын жазып чыгышкан.
Мындай маалыматтан кийин жылдыздуу түгөйлөр "ажырашса" мүлктү бөлүштүрүү варианттары эсептелген.

Родригес Роналдунун эки баласынын энеси болгондуктан, эгер ажырашып кетсе, ага чоң компенсация төлөнөрүн айтышууда. 

Португалиялык басылмалардын айтымында, Джоржина Роналдунун байлыгынын 35 пайызына ээ боло алат.

Роналдунун байлыгы миллиард доллардан ашат деп бааланууда. Бул деген Родригес жылдыздуу футболчу менен ажырашса, 350 миллионго жакын сумманы алат дегенди билдирет.  

“Буга чейин,  Роналду Родригестин кыңыр иштеринен жана анын текебердигинен чарчады деген маалыматтар чыга баштаган”, - деп жазылат маалыматта.  
 

Ссылка: https://barometr.kg/ronaldu-zhubajynyn-tekeberliginen-charchadyby-tgjlr-azhyrashsa-zhubajy-kancha-karazhatka-ee-boloru-belgil-boldu



Добавить комментарий