Купуя сыр: Жубайым болсо да кудачамды унута албай жүрөм

17 июля 2025 10:05 Barometr
Поделиться в:
ok

“Барометрге” окурмандар тарабынан күн сайын купуя каттар келип турат. Бул ирет каарманыбыз жашоосундагы күтүлбөгөн окуядан улам, жубайынын көзүнө чөп салып кечирилгис ката кетиргени тууралуу сиздер менен бөлүшөт.

Жубайымдын артынан көп чуркадым.

"Жубайымдын жүрөгүн багындырууга көп чуркадым, сүйүүмдү бир нече ирет билдирип, бирок жакшы  жооп ала албаган соң ага жетүүнүн бир гана жолу бар экенин билип, ала качып алгам. Жашообуз эл катары жакшы эле болду. Ал мени мен аны түшүнүшүп, бири-бирибизди сыйлап, уруш-талашы жок өмүр сүрүп жаттык. Эки балалуу болуп, балдарыбыз ортобузду мурункудан да жакындатып койду. Балдарды бакчага берип экөөбүз жумушка жөнөйбүз. Кечинде чогулганда божурап, кечке болгон жаңылыктардан айтып, айтоор биздин үйдө майрам. Кичинекей үйүбүздүн ичинде чоң бакыт бар эле. Азыр деле бактылуу жашоо кечирип жатабыз, бирок менин жүрөгүмдү эзип, күнөөлүү сездирген бир окуя, сыр болуп катылып келет.

Бир күнү дем алышта жубайым алыскы тууган эжелеримдин кайын сиңдисин үйгө ээрчитип келип калды. Бул ким экенин билбей жатат го дегенсип мени ваннага жетелеп барып чоо-жайын айтып берди:

"Кайын журтуна таарынып баса берген окшойт. Мага эч нерсе деле айткан жок. Бирок колундагы кичинекей ымыркайы менен суукта автобус күтүп аялдамада олтуруптур. Автобустун кеткени качан. Бараар жерим жок дегенинен ээрчитип келе бердим. Эртең эжекемдердикине жеткизип койсоң андан ары төркүнүнө кетип калар, бүгүн биздикине жатып алсынчы", - деди. Мен чоочун киши болбогондон кийин макул болдум.

Жылуу тамагын даярдап, келинчегим кудачаны жакшылап коноктоду. Балаңды көргөнүм деп колуна тыйын да карматты. Сыртка чыгып барып памперс, дагы бир керектүү нерселерин сатып келип берип, күйпөлөктөп эле жатты. Мунусу албетте, менин эжем менен жездеме болгон урматы экенин билип кубанып жаттым. Бирок мага кудачанын минтип жүрүшү жаккан жок. Көзү ойноктоп, шойкому бар келиндей көрүндү. Кыз кезинде эле көп басат деп угуп калчумун, ошонун азабынан күйөөсү үйдөн кууп салды го деген ой келди. Сыр бербей бир бөлмөгө тыгылышып жатып калдык.

Кечинде келинчегим:

"Эртең дем алыш, бирок мен жумушума барыш керек болуп калды. Балдардын уйкусун кандырып, курсагыңарды тойгузгандан кийин, кудачаны эжемдикине жеткирип кой. Балдар да чоң аталарын көрүп келсин, машинага салып ал", - деди. "Эл дем алса сен иштеп", - деп бир сыйра күңкүлдөмүш болуп жатып калдым. Эртең менен келинчегимдин кайсы убакта туруп кеткенин билбей уктап калган экенмин. Акырын башымды көтөрсөм баары эле уктап жатышат. Мен да бир аз жата турайын деп кайра жуурканга башымды каттым.

Балдар ойгонгондо кудачамды үйүнө жеткирип койдум. Бирок ал кудчамды эңсечү болдум. 

Эмне кылам келинчегим билип калса мени эч качан кечирбесин билем. Бирок эркектик напсим аны эңсеп, сагынчу болдум. Издеп барайын дейм, үй-бүлөмө билинип калса эмне болот? Укмуштуудай кумарлуу аялзатына болгон сагынычым күн санап күчөп жатат? Кантип унута алам, сиздерден кеңеш күтөм?"

Ссылка: https://barometr.kg/kupuya-syr-zhubajym-bolso-da-kudachamdy-unuta-albaj-zhrm



Добавить комментарий