Казакстанда экс-министр жубайын аёсуз сабап, келин алган жаракатынан улам каза болду

10 ноябрь 2023 12:07 3313 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстанда экс-министр Куандык Бишимбаев жубайын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.  

9-ноябрда Астанадагы ресторандардын биринде 31 жаштагы Салтанат Нукенова алган жаракатынан улам каза болгон. Ал мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаевдин жубайы болгон. 

Маалым болгондой, каргашалуу окуя «Бау» ресторанынын аймагында болгон. Нукенова менен Бишимбаевдин ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен аял оор жаракат алган. 

Саат 19:54тө борбордогу тез жардам станциясынын башкаруу пультуна чакыруу түшкөн. Дарыгерлер келгенде Салтанат Нукенова алган жаракатынан улам каза болуп калган. Шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин билдирүүсүндө Куандык Бишимбаевдин кармалганы айтылат.

Маркум тууралуу эмнелер белгилүү

Салтанат Нукенова 1992-жылы Павлодарда төрөлүп, астрология боюнча билим алган. Ал Куандык Бишимбаевге 2022-жылы күзүндө турмушка чыккан. Айрым маалыматтарга караганда, алар кийин ажырашып кетишкен. 
 

Бирок, Нукенова социалдык тармактарга чогуу түшкөн сүрөттөрүн көп жарыялап турган. Алар экс-министр ага кеңеш сурап кайрылганда таанышкан. 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-eks-ministr-zhubajyn-ayosuz-sabap-kelin-algan-zharakatynan-ulam-kaza-boldu



Добавить комментарий