АКШнын мурдагы биринчи айымы каза болду

20 ноябрь 2023 09:31 1174 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШнын 39-президенти Джимми Картердин жубайы, АКШнын мурдагы биринчи айымы Розалин Картер 97 жашында каза болду. Бул тууралуу “Картер Центр” бейөкмөт уюмунун сайтында жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

“Мурдагы биринчи айым психикалык жактан жабыркагандарга, ден-соолук жана аялдардын укуктарын коргоого өмүрүн арнады. Розалинн Картер 19-ноябрда саат 14:10до Джорджия штатынын Плэйнс шаарындагы үйүндө 97 жашында каза болду. Ал үй-бүлөсү менен тынчтыкта көз жумду», - деп айтылат билдирүүдө.

Розалин Картер Джимми Картер менен 77 жыл бирге жашаган. Жубайлар 1946-жылы баш кошушкан.

"Розалин мага бардык жагынан тең укуктуу өнөктөш болчу. Ал мага керек болгон учурда менин таянычым жана акылман кеңешчим болчу. Розалин жанымда жүргөндө мени кимдир бирөө жакшы көрүп, колдоп турганын ар дайым билчүмүн", - дейт күйөөсү.

Джимми Картер 1977-1981-жылдары президент болуп шайланып, АКШны башкарып турган. 2022-жылы ал Нобель Тынчтык сыйлыгын алган. 
 

Ссылка: https://barometr.kg/akshnyn-murdagy-birinchi-ajymy-kaza-boldu



Добавить комментарий