Көп акчаны кантип иштеп табуу керек?
Америкалык белгилүү ишкер жана жазуучу, ондогон компаниялардын ээси Джеймс Алтучер акча жана жеке каржы тууралуу кызыктуу кеңештерди берген. Аны ар бир адам билүүгө тийиш. Аларды ишкер өзүнүн жеке тажрыйбасынан алган. Бүгүн barometr.kg акча тууралуу анын айткандарын сунуштайт.
Үнөмдөйм деп убара болбоңуз!
“Эң башкысы үнөмдөйм деп убара болбоңуз.Бул эрежелердин №1си”,- дейт ишкер.Сиз көп акча иштеп таба баштаганда гана банкка акчаңыз чогула баштайт.
Муну эл болбогон кеп деп ойлойт. Бирок көп акча иштеп тапмайынча эч кандай үнөмдөө, экономдоо же каржы эрежелери жардамга келбейт.
Айлык менен эч качан байыбайсыз жана акча чогулта албайсыз
Айлык менен эч качан байыбайсыз жана акча чогулта албайсыз. Бул экинчи эреже. Анткени айлык инфляцияга же болбосо кымбаттоого салыштырмалуу дайыма төмөн боло берет.Кайсы жакка багыт алсаңыз аягында ошол жакка барасыз.Сиз жогорулашыңыз керекпи же төмөнгө барасызбы?
Төмөнкү жөндөмдөрдү өздөштүрүңүз!
Эгерде көп акча тапкыңыз келсе төмөнкү жөндөмдөрдү өздөштүрүүгө тийишсиз.
-Кантип сатууну, кантип сүйлөөнү, кантип ынандырууну үйрөнүү керек
-Кантип сүйлөшүүнү, эки тараптуу өз ара пайдага жетүүнү үйрөнүү керек.
-Креативдүүлүктү үйрөнүү керек, мисалы ар бир идеяны блокнотко жаза жүрүңүз, ал бир күнү сөссүз керек болот.
-Лидерликти, жоопкерчиликти өздөштүрүңүз
-кайра ойлоп табуучулукту үйрөнүңүз, жаңычылык мурдагы нерсени эле кайра башкача сунуштоо болуп эсептелет.
-билим алыңыз
-жеңилүү дегенди билбеңиз, кайсы гана жеңилүү болбосун жаңы башталыштын жолу экенин түшүнүңүз
-өндүрүштү жогорулатуунун үстүндө иштеңиз
-бир иштин мыкты чебери болуңуз
-айланадагы ызы-чууну токтотуңуз: тескери жаңылыктар, башкаларды интригалары деген сыяктуу, алардын сизге кереги да жок.
Ушунун баарын акырындап ишке кошсоңуз убакыттын өтүшү менен байып жана башкаларга дагы пайдаңыз тиет.
Ссылка: https://barometr.kg/kp-akchany-kantip-ishtep-tabuu-kerek
Добавить комментарий ×