Кайсы адамды болбосун ынандыра турган 6 мыйзам
Адамдарды өзүңүзгө ынандыруу жана тилин таап жайгарып алуу-өз ара карым катыштагы же болбосо коммуникациядагы өтө маанилүү жөндөм. Анын бир нече эрежелери же болбосо мыйзамдары бар, муну билген жана өздөштүргөн адам ким менен болбосун тил табыша алат дешет психологдор. Бүгүн barometr.kg психологдун кеңешине таянуу менен ал мыйзамдар тууралуу кыскача маалымат бермекчи.
Симпатия мыйзамы
Эгерде башкаларды ынандырам десеңиз алар сизди дос катары кабыл ала турган деңгээлге чыгышыңыз керек. Анткени биз досторубузга көп нерсе жасап беребиз.
Күткөн нерсени далилдөө мыйзамы
Эгер сиз кимдир бирөөгө ишенсеңиз жана сыйласаңыз ал адам сизге кайсы бир нерсеге жеткенге тапшырма берсе, аны сиз чын дилден аткарганга тырышасыз.Болбосо мени жаман ойлойп калат деп өзүңүздүн колуңуздан келгенче аракет кыласыз. Муну психологдор күткөн нерсени далилдөө мыйзамы деп атап коюшкан.
Ореол мыйзамы
Адамдар көбүнчө өздөрү сыйлаган адам сапатына кепилдик берген нерсени гана алганды жакшы көрүшөт. Эгерде адам бизге жакса ал жарнамалап жаткан нерсени мейли ал товарбы, буюмбу, тейлөөбү баары бир жакшы деп алдын ала баалап кое беребиз. Бул жерде ал нерсенин сапаты эске алынбайт.
Кол жеткиздик мыйзамы
Сейрек, аз сандагы жана жетүүгө кыйын болгон нерсе баалуу болот жана аны баары каалашат. Ошондуктан товар сатуучулар тигил же бул товар түгөнүп калат деп жатып көп нерсени сатып жиберишет.
Конформизм же социалдык жактан далилдөө мыйзамы
“Азчылык көпчүлүккө баш ийет” деген мыйзам. Адамдардын 85 пайызы башкаларды ээрчип кете берет.Көп адамдар баары жактырган продукцияны, баары жактырган фильмди же товарды жакшы экен деп койсо гана кабыл алып ээрчип кете беришкен адатка ээ болушат.
Кадыр-барк менен бийликтин мыйзамы
Адамдар аларды көбүрөөк авторитеттүү, күчтүү жана компетенттүү деп эсептеген кезде башкаларга бийлик жүргүзө алат. Канчалык бийлик жогору болгон сайын сиздин айткандарыңыз көбүрөөк таасирлүү болмокчу.
Бул ар бир мыйзамды тереңдеп өздөштүрүүңүз керек болот. Ошондо гана көпчүлүк адамды ынандырып койгон харизма менен бийликке ээ болосуз. Ал эми харизмалуу адамдын жашоодо жетишкендиктери албетте көп болот.
Ссылка: https://barometr.kg/kajsy-adamdy-bolbosun-ynandyra-turgan-6-myjzam
Добавить комментарий ×