Коронавирус 361 кишинин өмүрүн алды

3 февраль 2020 09:28 751 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кытайда чыккан коронавирустан 361 адам каза болду. Бул тууралуу Кытайдын саламаттык сактоо маселелери боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Ага ылайык, учурда вирус 17 205 кишиге жукканы айтылууда.

Аталган вирус Кытайдан Ухань шаарында тараган. Акыркы маалыматтар боюнча илдет Кытайдын тышына да жайылып, Филиппинде бир киши андан каза болгон.

Ал ортодо Кытайдын өзүндө 2296 кишинин абалы оор экени айтылууда. Ошол эле маалда 475 киши вирустан айыгып, үйүнө чыгарылганы да маалымдалууда.

Былтыр декабрь айынын аягында Кытайдын Хубэй провинциясынын Ухань шаарында жаңы түрдөгү 2019-nCoV коровирус жайыла баштаган.

Вирус Кытайдан башка бир нече мамлекеттерде дагы катталууда. Алар: Россия, Испания, Италия, Финляндия, Индия, Улуу Британия, Түштүк Корея, Камбодже, Бириккен Араб Эмирлиги, Япония, АКШ, Сингапур, Таиланд, Канада, Непал, Вьетнам, Франция, Австралия, Малайзия, Германия, Шри-Ланка жана Филиппин.

Коронавирус адамга жукканда ал кургак жөтөлгө кабылат. Дем алуусу кыйындап, дене табы көтөрүлөт. Чыйрыгат жана алсырайт. Айрым учурларда оору пневманияга деле алып келбейт, болгону кургак жөтөл менен коштолуп, адамдын дене табы көтөрүлөт.

Саламаттык сактоо боюнча дүйнөлүк уюм коронавирусту эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп баалап, бардык мамлекеттерди ага каршы күрөшүүгө чакырды.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-361-kishinin-mrn-aldy



Добавить комментарий