Кытайда чыккан коронавирус эл аралык масштабдагы өзгөчө кырдаал деп аталды

31 января 2020 11:01 2992 Barometr
Поделиться в:
ok

Саламаттык сактоо боюнча дүйнөлүк уюм Кытайда чыккан коронавирусту эл аралык масштабдагы өзгөчө кырдаал деп баалады.

“Коронавирустун жайылышынан улам жалпы саламаттыктык сактоо тармагында эл аралык өзгөчө кырдаалды жарыялайм”, — деди аталган уюмдун башкы директору Тедрос Адхан Гебрейесус Женевада өткөн жыйында.

Ошол эле учурда уюм вирустан улам товар менен кишилердин ары-бери катташына чектөө киргизбөөнү сунуштайт.

Саламаттык сактоо боюнча дүйнөлүк уюм коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн бардык мамлекеттер вирусту эрте аныктоону үйрөнүп, ал жуккан кишилерди өзүнчө бөлүп дарылоо керектигин белгилейт.

Эң акыркы маалыматтар боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 213 кишиге жетти. Бир суткада эле о дүйнөгө 43 киши кеткен. Ал эми жалпысынан вирус 9692 кишиге жукканы маалымдалууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-chykkan-koronavirus-el-aralyk-masshtabdagy-zgch-kyrdaal-dep-ataldy



Добавить комментарий