Көк-бөрү: Өзбекстанда болуучу Дүйнө чемпионаты 2020-жылга калды. Бул мелдешке Кыргызстан катышуудан баш тарткан

22 октябрь 2019 12:16 1340 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ташкентте 20-ноябрга белгиленген Көк-бөрү боюнча дүйнө чемпионаты 2020-жылга калтырылды. Бул тууралуу Кыргызстандын көк-бөрү федерациясынын генералдык катчысы Кубатбек Аскарбеков билдирди.

Анын айтымында, уюштуруу тобу мелдешти даярдап өткөрүүгө жетишпей калганы буга себеп болгон.

 “Өзбекстандын Көк-Пари федерациясынан бизге кечээ кат келди. Анда Өзбекстандын спорт комитети Көк бөрү боюнча 2019-жылдагы дүйнө чемпионатын өткөрүүгө даярданып жетишпей калганын билдирген. Буга байланыштуу дүйнө чемпионаты 2020-жылга калтырылган”, - деди Кубатбек Аскарбеков.

Буга чейин көк-бөрү боюнча 2019-жылдагы дүйнө чемпионаты 20-26-ноябрда Ташкентте өтөөрү белгиленген. Дүйнө чемпионаты казактардын көкпар оюнунун эрежеси менен тай казаны жок өткөндүгүнө байланыштуу Кыргызстандын көк-бөрү боюнча улуттук курамасы бул мелдешке катышуудан баш тарткан.

Федерация ошондой эле, мелдешке расмий чакыруу берилбегени себеп болгонун жүйө келтирген.

Ссылка: https://barometr.kg/kk-br-zbekstanda-boluuchu-djn-chempionaty-2020-zhylga-kaldy-bul-meldeshke-kyrgyzstan-katyshuudan-bash-tartkan



Добавить комментарий