Өзбекстандык Асад Алго деген ат менен белгилүү болгон 20 жаштагы блогер каза болду

21 июль 2023 11:08 2024 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстанда Асад Алго деген каймана ат менен белгилүү болгон 20 жаштагы блогер Асадбек Арзикулов каза болду. Бул тууралуу Gazeta.uz сайтына таянуу менен “Барометр” билдирет. 

Маалыматка ылайык, блогер 19-июлда башына жасалган операциядан кийин каза болгон. 

Жигит "баш мээсинин жабык жаракаты, баш мээси чайкалып, башынын субдуралдык гематомасы, мойнунда, эки тизесинде гематомалар жана эки чыканагында көгала тактар) менен Республикалык тез медициналык жардам көрсөтүү илимий борборуна жеткирилген.   

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Хает Шамсутдинов блог ердин өлүмү боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатканын билдирди. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.  

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы Асадбек Арзикуловдун өлүмү боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.    

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, 16-июлда Мирзо-Улугбек районундагы сейил бактардын биринде Асадбек Арзикулов менен анын досу 1997-жылы туулган И. Абдулазиздин ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен Арзикулов жаракат алган. Ошондон кийин алар жарашып, жолго чыгышкан. Жабырлануучу окуя тууралуу РИИБге билдирген эмес жана медициналык мекемеге жардам сурап кайрылган эмес. 
 
 
 
 


 
 

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstandyk-asad-algo-degen-kajmana-menen-belgil-bolgon-20-zhashtagy-bloger-millioner-kaza-boldu



Добавить комментарий