Көкпар эрежеси менен өтүүчү Көк-бөрү боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстан катышпайт
Кыргызстандын Көк-Бөрү боюнча улуттук курамасы Өзбекстандын Ташкент шаарында өтө турган дүйнө биринчилигине барбайт. Мындай чечимдин кабыл алынышына бир катар жүйөлүү себептер бар экенин Кыргызстандын улуттук Көк-бөрү федерациянын генералдык катчысы Кубатбек Аскарбеков “Barometr.kg” сайтына бүгүн билдирди.
“Эң башкы себеп, Ташкентте Көк-бөрү боюнча дүйнө чемпионаты деп аталганы менен казактардын көкпар оюнунун эрежеси менен өтөт. Тай казаны жок өтөт. Мелдешке расмий чакыруу келе элек. Буга чейин Кыргызстандан бир өкүлдү (адис, калыс) чакырып, мелдештин эрежелери менен толук тааныштырабыз деп айтышкан, азыркыга чейин чакыруу келген жок. Дүйнөлүк чемпионат 20-ноябрга белгиленген. Болгону бир жарым айдай убакыт калды. А, бизге окуу-машыгуу өткөрүү үчүн эң аз дегенде 2 айдан ашык убакыт керек... Ушул сыяктуу бир катар жүйөлөр бар”, - деди Кыргызстандын Көк-бөрү федерациянын генералдык катчысы Кубатбек Аскарбеков.
Ссылка: https://barometr.kg/kkpar-erezhesi-menen-tch-kk-br-boyuncha-djn-chempionatyna-kyrgyzstan-katyshpajt
Добавить комментарий ×