Вебкам-студияларын уюштурган Даниел Ажиев Өзбекстан аркылуу чет өлкөгө чыгып кетерде кармалды

5 июнь 2023 16:05 830 Barometr
Бөлүшүү:
ok

УКМК ири вебкам-студияларынын тармагын уюштурган Даниел Ажиев башында турган трансулуттук кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу УКМКнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, мурда вебкам-студияда иштеп кеткен Э.А аттуу жарандын арызынын негизинде кылмыш иши козголгон. 
Э.А.вебкам-студиясынын оператору болуп, ага администратор Н.Ш. тарабынан психологиялык басым жасалган.

УКМКнын маалыматы боюнча, бул Ажиевге таандык үч ири студияда тинтүү жүргүзүүгө негиз болгон, анда 30 оператор жана 80 даана компьютердик техникалар аркылуу акча үчүн интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштурган. 

Топтун мүчөлөрү Ажиев түзгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөткөн моделдер делген кыздарды чет мамлекеттердин аймагына жалдап келишкен.  

Операторлор үч нөөмөт менен иштешкен, кызматкерлердин жалпы саны, алдын ала маалыматтар боюнча, 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамды түзөт.   

Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттердин бетин ачкан буюм далилдери алынып, бул топтун үч активдүү мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши козголгон.  

УКМКнын маалыматына караганда, Даниел Ажиев 31-майда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. Ал издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген.    

Кийинчерээк УКМКнын өтүнүчү менен ал Бириккен Араб Эмираттарына учууга аракет кылып жаткан жеринен Өзбекстанда кармалган. 4-июнда Өзбекстан Кыргызстанга кылмыш ишин козгоо үчүн Ажиевди өткөрүп берген.   

Ссылка: https://barometr.kg/vebkam-studiyalaryn-uyushturgan-daniel-azhiev-zbekstan-arkyluu-chet-lkg-chygyp-keterde-karmaldy



Добавить комментарий