Күйүп кеткен Башкы прокуратуранын ордуна курула турчу сквердин долбоору жарыяланды

2 октябрь 2018 17:45 955 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 

 Бишкектеги Башкы прокуратуранын мурдагы күйүп кеткен имаратынын ордуна курула турчу сквердин долбоору жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Бишкектеги Орозбеков-Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги сквердин аянты 0,41 гектарды түзөт. Анда белгиленген жердин ортосуна фонтан орнотулуп, декорациялык дарактар өстүрүлмөкчү.

Эске салсак,  2010-жылы күйүп кеткен имараттын ордуна сквер куруу боюнча Бишкек мэринин аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/kjp-ketken-bashky-prokuraturanyn-orduna-kurula-turchu-skverdin-dolbooru-zharyyalandy



Добавить комментарий