Күйүп кеткен Башкы прокуратуранын ордуна курула турчу сквердин долбоору жарыяланды
Поделиться в:
Бишкектеги Башкы прокуратуранын мурдагы күйүп кеткен имаратынын ордуна курула турчу сквердин долбоору жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкектеги Орозбеков-Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги сквердин аянты 0,41 гектарды түзөт. Анда белгиленген жердин ортосуна фонтан орнотулуп, декорациялык дарактар өстүрүлмөкчү.
Эске салсак, 2010-жылы күйүп кеткен имараттын ордуна сквер куруу боюнча Бишкек мэринин аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирген.
Добавить комментарий ×