Келген конок үй ээсин уруп-сабап, телефонун тоноп кеткен

17 июль 2021 12:06 1038 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Балхаш шаарында таң калыштуу окуя катталды.Чала тааныш эркекти үйгө конокко чакырам деген киши жаман окуяга кабылды. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлигинин Polisia.kz. расмий сайтында маалымдалганын ”Барометр” билдирет.

47 жаштагы жабырлануучу Балхаштагы полиция бөлүмүнө кайрылып, тааныш эмес эркекти үйүнө конокко чакырганын, ал болсо ырахмат айткандын ордуна үй ээсин уруп сабап, телефонун тоноп кеткенин айтып арызданган.Келтирилген чыгым 98 миң теңгени түздү.

Бул ишке шектүү делип 44 жаштагы тургун кармалды, “тоноо” беренси боюнча кылмыш иши козголду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kelgen-konok-j-eesin-urup-sabap-telefonun-tonop-ketken



Добавить комментарий