Бишкекте чет элдик жаранды тоноого шектүү жарандар кармалды

29 марта 2021 14:00 1560 Barometr
Поделиться в:
ok

Милициянын кайгуул кызматкрелери тоноого шектүү жарандарды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 28-мартта болжол менен саат 22:40 чамасында Бишкек ШИИББнын “102”  кызматына Жибек-Жолу көчөсүнөн чет өлкөлүк жаранды тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча  милициянын  кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1989-жылы туулган А.М. аттуу чет өлкөлүк жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен  белгисиз европа түспөлүндөгү жаран  арыз ээсинин  баасы 300 евро  турган “Самсунг Гэлакси А50” үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун жана баасы 300 евро турган көз айнегин  ачык түрдө күч колдонуп, тартып алып качып кеткен.

Чакыруу менен келген  милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары  2000-жылы туулган С.Б. аттуу чет өлкөлүк жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,  КРнын 201-берененин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндурүшкө алынды.



Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-chet-eldik-zharandy-tonoogo-shekt-zharandar-karmaldy



Добавить комментарий