Кекиртегине алма туруп калган 7 айлык наристени 6 дарыгер аман алып калды

19 июль 2023 12:35 879 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дарыгерлер дем ала албай эс учун
жоготуп келген 7 айлык наристенин өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу балдар хирургу Калыбек Мыкыевдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, 7 айлык балага алма берип коюшкан.

“Наристе акыл-эсин аба жетпей калгандыктан жоготкон. Бүгүн, 19-июль күнү түнү райондон алып келишкен. 

6  дарыгер,  сактап калыш үчүн бир мезгилде иштеп жаттык. Түнкү  саат  2:00го чейин баланын өмүрүн сактоого бүт күчүбүздү жумшадык. Эки бронх алманын калдыктарына толуп калган экен. Кудай буйруса жакшы бүттү, бирок алдыда реабилитация керек. Ата-энелер этият болсоңор”, -деп жазды дарыгер. 

Ссылка: https://barometr.kg/kekirtegine-alma-turup-kalgan-6-daryger-7-ajlyk-naristenin-mr-menen-alyshyp-aman-alyp-kaldy



Добавить комментарий