Кекиртегине алма туруп калган 7 айлык наристени 6 дарыгер аман алып калды
Поделиться в:
Дарыгерлер дем ала албай эс учун
жоготуп келген 7 айлык наристенин өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу балдар хирургу Калыбек Мыкыевдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, 7 айлык балага алма берип коюшкан.
“Наристе акыл-эсин аба жетпей калгандыктан жоготкон. Бүгүн, 19-июль күнү түнү райондон алып келишкен.
6 дарыгер, сактап калыш үчүн бир мезгилде иштеп жаттык. Түнкү саат 2:00го чейин баланын өмүрүн сактоого бүт күчүбүздү жумшадык. Эки бронх алманын калдыктарына толуп калган экен. Кудай буйруса жакшы бүттү, бирок алдыда реабилитация керек. Ата-энелер этият болсоңор”, -деп жазды дарыгер.
Добавить комментарий ×