Казакстанда кургакчылыктан улам дан эгиндери аз жыйналды

21 сентябрь 2021 14:36 1938 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин кургакчылыктан улам дан эгиндерин жыйноо көлөмү төмөндөгөнүн билдирди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ЖМКларына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

“Дүйнөдө дан эгиндеринин түшүмүн алуу боюнча жагдай кыйын. Бул начар аба ырайынын шарттарынан улам болду. Казакстанда дан эгиндери менен май алына турган өсүмдүктөрдүн дүң жыйымын 18 миллион тоннага жеткирүү пландалып жатат, анын ичинде 16 миллион тонна дан жана дан буурчак түшүмү болмокчу. Учурда 95 пайыз түшүм жыйналды”,-деп айтты премьер-министр өкмөттүн жыйынында.

Ал Айыл чарба министрлигине тез аранын ичинде түшүм жыйноону аяктоону тапшырды.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-kurgakchylyktan-ulam-dan-eginderi-az-zhyjnaldy



Добавить комментарий