Алматадагы аткылоо боюнча эки кылмыш иши козголду
Казакстандын Алмата шаарындагы ок атуу фактысы боюнча эки кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аталган шаардын полиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов брифинг маалында билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
“Бул факты боюнча “киши өлтүрүү”, “бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук көрсөтүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камалды, сурак башталды”,-деп айтты полиция башчысы.
Эскерте кетсек, кечээ 20-сентябрда саат 17.00дөр чамасында Алмата шаарынын Алатау районундагы Акбулак кичи районунда сот аткаруучулар жашоочуларды үйдөн чыгаруу боюнча соттун токтомун аткарып жаткан маалда, ушул үйдүн жашоочуларынын бири, 1967-жылы туулган эркек аларга ок аткан.
Анын кесепетинен эки полиция, бир сот аткаруучу, эки тургун жана үйдүн жаңы кожоюну көз жумду.
Шектүү атайын кызматтын бөлүктөрү тарабынан курал колдонулбай кармалды. Анткени үйдө балдар жана аялдар болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/almatadagy-atkyloo-boyuncha-eki-kylmysh-ishi-kozgoldu
Добавить комментарий ×