Казакстанда сууктун күчү 45 градуска чейин жетет

19 февраль 2024 13:25 1834 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Синоптиктер Казакстанда жакынкы күндөрү 45 градуска чейин суук болорун кабарлашты. Бул тууралуу казгидрометтин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, аба-ырайынын дагы төмөндөшү 20, 21 жана 22-февралга чейин күтүлүүдө. 

Метеорологдордун маалыматы боюнча, арктикалык антициклон Казакстандын түндүгүндө, чыгышында, түштүк-чыгышында жана борборунда аяздуу аба ырайын сактап калууда. 

Бирок, түштүк циклон менен өлкөнүн батышында, түндүк-батышында, түштүк жана түштүк-чыгышында кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо калың кар жаайт, ошондой эле республиканын түштүк-чыгышында аяздын акырындык менен басаңдашы күтүлөт.

«Абанын температурасы Казакстандын батышында төмөндөп, түнкүсүн 10...25 градус суук, күндүз 5...15 градус суук, өлкөнүн түндүк жана борбордук аймактарында абанын температурасы 28...38 градус суук болот.
Чыгыш райондорунда түнкүсүн 32...45, күндүз 20...32, түштүк-чыгышта түнкүсүн 15...25 градуска чейин суук болот», — деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-suuktun-kch-45-graduska-chejin-zheteri-kabarlandy



Добавить комментарий