Канатбек Азиз: Матраимовдордун фондунун Отунбаевга каршы чагымчыл видеого тиешеси жок

22 март 2020 22:52 1441 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Исмаил Матраимов атындагы фонд социалдык тармакта жарыяланган шектүү видео боюнча расмий билдирүү таратты.

Ага ылайык, фонд тараган видеого эч кандай тиешеси жок.

Соцтармакта фондунун логотиби менен тараган видеодо активисттердин бири кадр сыртында бир катар активисттерди жемелеп жатканын көрүүгө болот.

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн өкүлү Канатбек Азиз чагымчыл мүнөздөгү видео боюнча түшүндүрмө берип, мындай аракеттер коронавирустан жабыркаган аймактарга берилген жардамдарды жокко чыгаруу үчүн жасалып жатканын белгиледи. 

Белгилей кетсек, 21-мартта Исмаил Матраимов атындагы фонд коронавирустан жабыркаган аймактарга жардам жиберген.

“Социалдык тармактарда “Исмаил Матраимов фонду” тарабынан даярдалды деген видео тарап жатат. Анда бир катар жарандарды анын ичинде экс-президент Роза Отунбаеваны да жаманатты кылууга аракеттер болуп жатат.

Балким бул кадамдар фонддун атынан жана Раимбек Матраимов тарабынан берилген жардамды жокко чыгарып, өлкөгө коркунуч алып келген коронавируска байланыштырып элге дүрбөлөң салууну айрым тараптар каалашууда.

Расмий түрдө билдиребиз, жогоруда айтылган видеороликке, кийин дагы боло турчу каралоого фонддун, Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн, анын тарапташтарынын эч кандай тиешеси жок. Андыктан барыңыздарды акыл калчап иш кылууга чакырабыз, болгон аракетибизди, элди жана мамлекетти сактоого жумшайлы! Убактылуу болсо дагы амбицияларды, саясий сасык оюндарды жана башка нерселерди унута туралы!” — деп Канатбек Азиз социалдык тармакка жазды.

Ссылка: https://barometr.kg/kanatbek-aziz-matraimovdordun-fondunun-otunbaevga-karshy-chagymchyl-videogo-tieshesi-zhok



Добавить комментарий