Соцтармакта эгиз кыздарын аёсуз сабап жаткан видеодогу келин кармалды

8 ноябрь 2023 13:19 2141 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Соцтармакта таркап жаткан видеодо балдарын аёсуз сабаган эне кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, социалдык тармактарда аял кишинин 2 жаш баланы уруп жаткан видео тасма тарап, маалымат 6-ноябрь күнү милиция кызматкерлери электрондук журналына каттап, тергөөгө чейинки  текшерүү иштери баштаган.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө жаш балдарды уруп жаткан  аял Араван районунун С.Юсупова айыл аймагынын 21 жаштагы Д.С. аттуу тургуну экендиги аныкталып, тергөө кызматына камсыз болгон.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Д.С. видеотасмада уруп жаткан жаш балдар өзүнүн 2 жаштагы эгиз кыздары экендигин, алар заара кылып койгондугу үчүн ушундай кадамдарга баргандыгын билдирген.

Топтолгон материалдардын негизинде Д.С.нын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси  (Уруп-сабап кыйноо)  боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары  камакка алынды.

Учурда өспүрүмдөрдүн денелеринен алган жарааттарын жана психикалык жактан жабыр тарткандыгын аныктоо максатында экспертизалар дайындалып, тиешеллүү мамлекеттик социалдык мекемелер жумуштарын алып барып жатышат”, -деп айтылат маалыматта. 


Ссылка: https://barometr.kg/soctarmakta-tarkap-zhatkan-videodogu-egiz-kyzdaryn-ayosuz-sabap-zhatkan-kelin-karmaldy



Добавить комментарий