Матраимовдор жасалма дем алдыруучу жабдуу менен экспресс-тесттерди алып келет

21 марта 2020 20:59 4819 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын аймагына келген таажы ылаӊы деген аталыштагы вирустун кесепетин жоюга “Исмаил Матраимов” кайрымдуулук фонду гуманитардык көмөк көрсөтүп баштады. Бул тууралуу депутат Искендер Матраимов билдирди.

Алар, азык-түлүк, медициналык бет каптар, жасалма дем алдыруучу жабдыктар жана коронавирусту аныктоочу экспресс-тесттер.

 Маалымат үчүн:

Бүгүндөн баштап 500 тонна ун, 50 тонна өсүмдүк майы жана 200 миӊ даана бет кап өлкө аймагындагы вирус катталган региондорго таратыла баштады;

Коронавирусту 15 минуттун ичинде аныктай турган 20 000 даана экспресс-тесттерди алдырып жатабыз, ал 5 күндө өлкөгө келет;

Ата-мекендик өндүрүшчүлөр тарабынан даярдалган бет каптарды 5 миллион сом өлчөмүндө сатып алууга даяр. Сатып алынган бет каптар волонтерлордун жардамы менен республиканын бардык аймактарында элге акысыз таратылат. Учурдан пайдаланып жергиликтүү бет кап тиккен цехтерди фонддун өкүлдөрүнө байланышууга чакырабыз;

Чет өлкөдөн 10 даана портативдик жасалма дем алдыруучу жабдыгын (Аппараты искусственной вентиляции легких) алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Фонд биринчи кезекте гуманитардык жардамды - коронавирус илдети катталган аймактарга багыттайт. Андан соӊ волонтерлор Кыргызстандын башка аймактарына таратышат. Жасалма дем алдыруучу жабдыктар жана илдетти аныктоочу экспресс-тесттер Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилет.

Мындай кыйынчылыкты ынтымак жана сабыр менен гана жеңебиз. Элибизде  тынчтык болсун, башка түшкөн оорчулуктан жеңил өтүп кетели деген тилегибизди билдиребиз!

Жергиликтүү бет-каптарды тиккен өндүрүшчүлөрдү 0703909600 телефону аркылуу байланышка чыгуусун өтүнөбүз деп жазылат маалыматта.

Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус жуккан кишилердин саны 14кө жетти.

Ссылка: https://barometr.kg/matraimovdor-5-million-somgo-betkap-satyp-alyp-elge-taratuuga-dayar



Добавить комментарий