“Кальмар оюну” сериалынын режиссеру экинчи сезон тууралуу айтты

10 ноябрь 2021 14:28 2921 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Популярдуу болуп жаткан “Кальмар оюну” сериалынын режиссеру жана сценаристи Хван Дон Хек Лос-Анжелесте болгон иш-чарада сериалдын экинчи сезонун күтүп жаткандарга маалымат берди. Бул тууралуу The Flow булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Режиссер сериалдын уландысы тартыла турганын, бирок азыр пландоо баскычында гана иштер жүрүп жатканын тастыктады.

“Экинчи сезон тууралуу көп суроо, көп басым жана көп жактыруулар айтылды. Ошондуктан бизде тандоо калбай калды. Мен экинчи сезон тууралуу азыр да ойлонуп жатам. Мен пландоо баскычында турам. Бирок сериалдын качан тартыларын айтуу эртелик кылат”,-деди Хван Дон Хек.

Ошондой эле ал экинчи сезондо башкы каарман Сон Ки Хун кайтып келерин убада кылды.

Эскерте кетсек, Түштүк Кореянын “Кальмар оюну” сериалы сентябрь айында "Нетфликске" чыгып, бул сервистин эң таанымал жана оргиналдуу сериалы болуп калды.

Ссылка: https://barometr.kg/kalmar-oyunu-serialynyn-rezhisseru-ekinchi-sezon-tuuraluu-ajtty



Добавить комментарий