Казакстанда кыргыз киносу күнү ачылып, акысыз көрсөтүлүүдө

26 октябрь 2022 14:40 708 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Астана шаарында кыргыз киносунун күндөрү расмий ачылды. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Бүгүн, 26-октябрда Астана шаарында Кыргыз Республкасынын маданият күндөрүнүн алкагында кыргыз киносунун күндөрү расмий ачылды.

Ачылышта Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кино  күндөрүнүн делегация жетекчиси Мукталы Бектеналиев жана  Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт вице-министри Нуркиса Дауешов сөз сүйлөдү.

Анда эки өлкөнүн ортосундагы алмустактан келе жаткан кино ишмерлеринин чыгармачылык байланышы, ошондой эле, соңку жылдары Кыргызстан менен Казакстандын  маданият жана кинематография жаатындагы жигердүү өнүгүп жаткан мамилелери даңктуу тарыхка ээ экендиги сыймыктануу менен белгиленди.

Кино күндөрүнүн ачылышына эки өлкөнүн кино ишмерлери, Астанада жашап жана иштеп жаткан мекендештер жана жалпы кыргыз киносунун күйөрмандары катышты.

Кыргыз киносунун күндөрү 29-октябрга чейин уланып, Астана шаарындагы "Керуен" оюн-зоок-соода комплексинини кино залында өтөт. Кинолор  күнүгө эки ирет, саат 12:00 жана 19:00 акысыз көрсөтүлүп турмакчы.


Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-kyrgyz-kinosu-kn-achylyp-akysyz-krstld



Добавить комментарий