Кино тарыхында эң көп гонорар алган актёр аныкталды

24 июль 2023 16:02 770 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Америкалык Дуэйн Скала Джонсон Уилл Смит менен Роберт Даунини артка калтырып, кино тарыхындагы эң көп гонорар алган актёр болуп калды. Бул тууралуу “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Red One тасмасына тартылганы үчүн актёр 50 миллион доллар тапкан. 
Буга чейин, актер  “Джуманджи: Новый уровень" жана "Красное уведомление" тасмаларынан 23 миллион доллар алса, "Черный Адам" тасмасынан 22,5 миллион доллар, "Форсаж: Хоббс и Шоу" киносуна тартылып 20 миллион доллар киреше тапкан.  

Акыркы он жылда Джонсон эң ийгиликтүү Голливуд актерлорунун бири болуп калды.   

Анын тасмалары дүйнө жүзү боюнча 12,5 миллиард доллардан ашык киреше тапкан.   

Ал эми, Red One тасмасынан анын 50 миллион гонорары кинопрокат тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болгон.     
Ошентип, Дуэйн Жонсон "Первый мститель: Противостояние" тасмасынан 40 миллион доллар тапкан Роберт Дауни менен "Король Ричард" тасмасында роль жаратып жогорку гонорардын ээси болуп келген Уилл Смитти да артка калтырды.    

Ссылка: https://barometr.kg/kino-taryhynda-e-kp-gonorar-algan-aktyor-kim



Добавить комментарий