Түркияда эл аралык “Коркут Ата” кинофестивалын “Курманжан Датка” тасмасы ачат

1 ноябрь 2022 18:19 1463 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бугүн, 1-ноябрда Түркиянын Бурса шаарында “Коркут Ата” кинофестивалын кыргыз киносу “Курманжан Датка” ачат. Бул тууралуу тасманын режиссеру Садык Шер-Нияздын соцтармакка жазган маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Бул кинофестиваль түрк тилдүү кинофестивалдардын эң мыктысы. 

“Быйыл кинофестивальдын уюштуруучулары мааракени “Курманжан Датка” фильми менен ачып жатат. Бул жалпы кыргыз кинематографиясына болгон сый урмат деп түшүнөм. Дагы бир жолу ушул эпикалык тасмага тиешеси бар кинематографисттердин баарын куттуктап кетмекчимин. Бар болгула!”, -деп жазды аталган тасманын режиссеру Садык Шер-Нияз.


Иш-чаранын максаты – жаш муундарды, ошондой эле кесипкөй адистерди кино аркылуу жалпы түрк тилдүү элдердин, тарыхый, маданий жана коомдук баалуулуктарын бекемдөөгө жана байытууга тартуу.

“Курманжан Датка” – кыргыз режиссеру Садык Шер-Нияздын Алай кыргыздарынын башкаруучусу Курманжан датканын өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу баяндаган тарыхый эпикалык биографиялык драмасы.

Тасманын дүйнөлүк бет ачары 2014-жылдын 22-августунда Монреалдагы Эл аралык кинофестивалда болгон. 

2014-жылдын октябрь айында тасма Кыргызстан тарабынан «Оскар» сыйлыгына «Чет тилдеги эң мыкты тасма» номинациясында көрсөтүлгөн. Кошумчалай кетсек, тасма Орусиянын "Ника" кино сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-el-aralyk-korkut-ata-kinofestivalyn-kurmanzhan-datka-tasmasy-achat



Добавить комментарий