“Кальмар оюнун” түзүүчүлөр миллиардга жакын доллар иштеп табышты

18 октября 2021 12:40 1747 Barometr
Поделиться в:
ok

Түштүк Кореянын “Кальмар оюну” сериалы Netflix стриминг платформасынан 900 миллион доллардан ашык каражат табышы мүмкүн. Бул тууралуу Reuters булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

Американын стриминг сервиси болгон Netflix берген документке таянсак, платформа “Кальмар оюну” сериалынан 891,1 миллион доллар табары күтүлүүдө.

Netflix сериалдын өндүрүшүнө болгону 21,4 доллар сарптаган, ар бир эпизодго 2,4 миллион доллардай каражат короткон.

Жалпысынан сериалды 1,4 миллиард сааттан ашык көрүшкөн,132 миллион адам эң аз дегенде сериалды 2 мүнөт караган.

Эскерте кетсек, Түштүк Кореянын  “Кальмар оюну” триллери Netflix платформасындагы эң таанымал сериал болууда.   

Ссылка: https://barometr.kg/kalmar-oyunun-tzchlr-milliardga-zhakyn-dollar-ishtep-tabyshty



Добавить комментарий