Кайрат Кыргыз продюсери тыюу салган ырларды ырдабай тургандыгын билдирди
Кайрат Кыргыз "Жаштык кез", "Жактырам", "Сүйүү ыры", Гүлдөжан" "Жаштарга" деген ырларын эми ырдабай тургандыгын билдирди. Ал бул тууралуу өздүк интернет баракчасына "Бул ырларды аткарууга менин укугум жок"-деп жазды. Белгилүү болгондой, Кайрат Кыргыз продюсери Эркин Мээрканов менен чырдашып, алардын чыры эми сот аркылуу чечилери айтылып келет. Продюсердин айтымында Кайрат Кыргыз мурда фольклордук ырчы болуп, мындан көп жыл мурда эле ырдап жүргөнү менен калың журтка таанылган эмес. Чачынан тырмагынын учуна чейин жаңы имидж жасап, көп акчага ырларды жаздырып, продюсердин айтымында ага көп эмгек короткон. Эми, Эркин Мээрканов кеткен чыгымымды өндүрүп алсам болду эле деп жатат.
Анын айтымында жакында Түркияга барып дагы жаңы клиптерди тартышмак, дагы жаңы хит ырларды чыгарышмак. Баары калды дейт продюсер.
Ал эми Кайрат Кыргыз кайрадан Кайрат Салмакеев болобу же чыгармачылыгын Кайрат Кыргыз болуп улантабы аны убакыт көрсөтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/kajrat-kyrgyz-prodyuseri-tyyuu-salgan-yrlardy-yrdabaj-turgandygyn-bildirdi
Добавить комментарий ×