Кайрат Кыргыз продюсери менен чырдашууда
Кайрат Кыргызга продюсери Эркин Мээрканов ырларды ырдап чыгууга тыюу салды. Бул тууралуу Кыргызстандагы сайттардын бирине алып баруучу Элмара Турсуналиева билдирген.
Маалыматта айтылгандай, Кайрат Кыргыз келишимде көрсөтүлгөн айрым жоболорду бузган. Убагында айтылган жерге барган эмес. Ошондой эле продюсер Эркин Мээрканов Кайрат Кыргыздын жазылган ырлары канча доллар болгон, канча каражат кеткен санап чыгарып берген.
Ал чыгарган чыгармаларды кай жерде болбосун: коомдук жайларда, концерттерде, тойлордо, эл чогулган жерлерде, продюсер жана автор катары ырдоого тыюу салынганын айткан. Продюсер Эркин Мээрканов: "2018-жылдын 22-августунан тартып, Кайрат Кыргыз- Кайрат Салмакеев, мен ойлоп тапкан жана алып берген сахна кийимдери менен чыгууну токтотот"-деп билдирген.
Ал эми Кайрат Кыргыз Эркин Мээрканов менен болгон чырды жокко чыгарып, аны менен эч кандай келишим жоктугун билдирди.
«Менин продюсерим болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес. Кайсы продюсерди айтып жатасыңар? Мен өзүм продюсермин. Эркин Мээрканов тууралуу айтып жатсаңар, ал жардам берип, аранжировка жасап колдоо көрсөткөн. Болгону аранжировкага аябай көп акча алып атат, ошон үчүн ага чыдабай кетип калдым»-деди.
Ссылка: https://barometr.kg/kajrat-kyrgyz-prodyuseri-menen-chyrdashuuda
Добавить комментарий ×