BTS тобу American Music Awards сыйлыгынын жогору наамын алды

23 ноябрь 2021 09:05 1772 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түштүк Кореянын BTS K-pop-тобу American Music Awards (AMA) сыйлыгынын эң жогорку номинациясы болгон “Жыл артисти” наамын жеңип алган алгачкы азиялык топ болуп калды. Бул тууралуу The Korea Times булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Аталган басылманын берген маалыматына таянсак, топ ошондой эле Butter деп аталган хит ыры “Сүйүктүү поп-дуэт же топ” жана “Сүйүктүү поп-ыр” деп аталган наамды дагы жеңип алышты.

Эскерте кетсек, BTS тобу AMA сыйлыгына ушуну менен бешинчи жылы катары менен көрсөтүлдү. Бирок топ буга чейин “Жылдын артисти” категориясы боюнча номинацияга көрсөтүлгөн эмес.

Эскерте кетсек, BTS  2013-жылы түзүлгөн түштүк кореялык топ. Учурда ал дүйнөнүн баардык жеринде күйөрмандары бар, абдан таанымал  бой-бенд болуп эсептелет. Бир нече ирет Гиннестин рекорддор китебине кирген.   

Ссылка: https://barometr.kg/bts-tobu-american-music-awards-syjlygynyn-zhogoru-naamyn-aldy



Добавить комментарий