Үй-бүлөнү бузуп, иштеп акча табууга кызыгып кетпегиле!
“Мени жолдошума жамандап, менин акчама үйлүү болуп алгандан кийин ажыраштырышты”,-дейт Гүлира аттуу келин.
Barometr.kg сайтынын дарегине, соцтармактагы баракчасына көптөгөн каттар келет. Аларга жооп иретинде биз “Айым сыры” деп аталган рубриканы сизге сунуштайбыз.Жан дүйнөңүздү түйшөлткөн суроолор болсо окурмандарга кайрылып пикир алсаңыз болот. Маселени кээде башкача чечүү дагы ишке көмөк берерин унутпаңыз!
Бул жолу Гулира (аты өзгөртүлдү) аттуу айымдын жазган катын сунуштайбыз!
“Саламатсыздарбы, менин атым Гүлира.Сиздерде ушундай жан дүйнөңдөгү ойлорду бөлүшө турган мүмкүндүк бар экенин окуп жазып жатам. Буга чейин жолдошу Россияга иштеп кеткен келинди баянын окудум.Мен дагы миграция деген көрүнүштөн жапа чеккен аялдардын биримин. Менин окуям тескерисинче болду. Турмушка чыгып эки кыздуу болуп, жолдошум менен Бишкекте жакшынакай эле жашап жаткам. Квартирада турчубуз. Төрт жыл мурда кайын энем айылдан келип “акча тапкыла Бишкектен участок алып үй салабыз” деп туруп алды. Жолдошум курулушта иштечү. Анан мен көбүрөөк акча табайын деп Түркияга келмей болдум.Бул жерден улгайган кишилерди багып иштедим. Канчалаган нервим кетти.Кайын энем кыздарды карап турат деп сүйлөштүк.Иштегениме төрт жылга жакындаганда акча жөнөтүп, чогултуп жатып Бишкектен көп кабаттуу үйдөн эки бөлмөлүү чоң батир алдык. Эң жаманы кайын журтум мени жолдошума жамандап, мен иштеп таап салган акчага үйлүү болуп алгандан кийин ажыраштырышты. Анан ал үйгө көчүп кирип алышты. Катуу өкүнүп жүргөн убагым. Айла жок Бишкекке барып, кыздарымды алып ата-энемдикине таштадым да кайра бул жакка келе бердим. Былтыр кышта жолдошум сонун бир татынакай кызга үйлөндү, быйыл уулдуу болду. Ортодо эле мен калып калдым, эки кызым менен. Ичим аябай ачышат. Ошондуктан үй-бүлөнү бузуп, иштеп акча табууга кызыгып кетпегиле деп келиндерге кеңеш берет элем. Атымды жазбай эле койсоңуздар”,-деп кайрылды Гүлира.
Ссылка: https://barometr.kg/j-bln-buzup-ishtep-akcha-tabuuga-kyzygyp-ketpegile
Добавить комментарий ×