Италиялык футболчу коронавирустун айынан эки бутун кестирүүгө аргасыз болду
70-жылдарда Италиянын курама командасында ойногон италиялык футболчу Мауро Беллуджи коронавирустук инфекциядан улам эки бутунан ажырады. Бул тууралуу Gazzetta dello Sport жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, 70 жаштагы экс-футболчу 4-ноябрда коронавирус жугузуп алып, оор абалда ооруканага түшкөн. Оорунун айынан келип чыккан татаалдашуулардын натыйжасында дарыгерлер анын эки бутун кесүүгө аргасыз болгон.
"Вирус 1971-жылы Чемпиондор Лигасында" Боруссиянын "дарбазасына гол киргизген бутумду да тартып алды", - деди Беллуджи окуяга карата комментарий берип.
Ссылка: https://barometr.kg/italiyalyk-futbolchu-koronavirustun-ajynan-eki-butun-kestirg-tuura-keldi
Добавить комментарий ×