Италиялык футболчу коронавирустун айынан эки бутун кестирүүгө аргасыз болду

23 декабря 2020 09:34 3575 Barometr
Поделиться в:
ok

70-жылдарда Италиянын курама командасында ойногон италиялык футболчу Мауро Беллуджи коронавирустук инфекциядан улам эки бутунан ажырады. Бул тууралуу  Gazzetta dello Sport жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 70 жаштагы экс-футболчу 4-ноябрда коронавирус жугузуп алып, оор абалда ооруканага түшкөн. Оорунун айынан келип чыккан татаалдашуулардын натыйжасында дарыгерлер анын эки бутун кесүүгө аргасыз болгон.

"Вирус 1971-жылы Чемпиондор Лигасында" Боруссиянын "дарбазасына гол киргизген бутумду да тартып алды", - деди Беллуджи окуяга карата комментарий берип.

Ссылка: https://barometr.kg/italiyalyk-futbolchu-koronavirustun-ajynan-eki-butun-kestirg-tuura-keldi



Добавить комментарий