Исламбек Кенжекулов Баткендеги "Головной" суу сактагычында жаракат алган жоокерлерге жолукту

12 май 2021 21:48 664 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов Баткендеги "Головной" суу сактагычында жаракат алган жоокерлерге барды. Бул тууралуу ИИМдие басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Бүгүн, 12-майда Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов 2021-жылдын 28-29-апрелинде Баткен облусунун "Головной" суу сактагыч курамасындагы куралдуу кагылышуудан жарадар болгон аскер кызматкерлерине барды.

Колбашчы аскер кызматкерлери менен маек куруп, алардын ден-соолугунун калыбына келүү процессине кызыкты. Исламбек Кенжекулов алардын бардыгына эртерээк сакайышына жана күчтөрүнүн калыбына келүүсүн каалап, алардын толук айыгуу менен сапка кайтып келүүсүнө Ички аскерлеринин колбашчылыгы тарабынан бардык күч-аракеттер жумшалаарын белгилеп өттү.

Азыркы күндө аскер кызматкерлери Ички иштер министрлигинин бейтапканасында жана башка Бишкек шаарынын медициналык бөлүмдөрүндө стационардык дарыланууда", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/islambek-kenzhekulov-batkendegi-golovnojdo-zhararkat-algan-zhookerlerge-zholuktu



Добавить комментарий