Бишкекте “барсеточник” каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

1 март 2024 17:19 1870 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте уурулукка шектелип, мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, кечээ, 29-февралда Бишкек шаарында бирөөнүн мүлкүн уурдоого тиешеси бар "барсеточник" каймана аттуу жаран кармалды.

“Кармалган жаран К.А. 1999-жылы туулган, ал ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат.

2024-жылдын январь айында Бишкек шаарынын Ч.Валиханов көчөсүндө токтоп турган Камаз үлгүсүндөгү унаанын ичинен белгисиз адамдар 50 миң сомдук телефонду уурдап кетишкен.

Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүнүн өздүгү такталган.

ИИМдин ыкчам кызматынын кызматкерлери тарабынан 1999-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалган, ал мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ал акыркы жолу ушул жылдын январь айында абактан чыгып, дароо эле «эски» ишин колго алган.

Кармалган адам Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп, тергөө амалдары жүргүзүлүп, анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы такталууда”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-barsetochnik-kajmana-attuu-uyushkan-kylmyshtuu-toptun-mchs-karmaldy



Добавить комментарий