Исламбек Кенжекулов Баткендеги "Головной" суу сактагычында жаракат алган жоокерлерге жолукту
ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов Баткендеги "Головной" суу сактагычында жаракат алган жоокерлерге барды. Бул тууралуу ИИМдие басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Бүгүн, 12-майда Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов 2021-жылдын 28-29-апрелинде Баткен облусунун "Головной" суу сактагыч курамасындагы куралдуу кагылышуудан жарадар болгон аскер кызматкерлерине барды.
Колбашчы аскер кызматкерлери менен маек куруп, алардын ден-соолугунун калыбына келүү процессине кызыкты. Исламбек Кенжекулов алардын бардыгына эртерээк сакайышына жана күчтөрүнүн калыбына келүүсүн каалап, алардын толук айыгуу менен сапка кайтып келүүсүнө Ички аскерлеринин колбашчылыгы тарабынан бардык күч-аракеттер жумшалаарын белгилеп өттү.
Азыркы күндө аскер кызматкерлери Ички иштер министрлигинин бейтапканасында жана башка Бишкек шаарынын медициналык бөлүмдөрүндө стационардык дарыланууда", - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/islambek-kenzhekulov-batkendegi-golovnojdo-zhararkat-algan-zhookerlerge-zholuktu
Добавить комментарий ×