Хабибдин атасы Абдулманап Нурмагомедов тууралуу тасма тартылды (Видео)

9 июль 2020 13:04 3127 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын телеканалдарынын бири UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедов тууралуу тасма тартты. Бул тууралуу Россиянын жергилиетүү телеканалдарына шилтеме берип “Барометр” билдирет.



"Россия бүгүн" телеканалы тарткан кадрлар 2019-жылы “Dagestan: Land of Warriors” аттуу даректүү сериалдын бешинчи эпизоду үчүн тартылган. Машыктыруучу каза болгонуна байланыштуу, тасма номерсиз берилди.

Тасмада машыктыруучунун өмүр баяны, окуучуларын кантип, кандай шартта тарбиялап жатканын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, Абдулманап Нурмагомедов 3-июль күнү 57 жаш курагында каза болгон. Ага эки тараптуу пневмония диагнозу коюлуп Нурмагомедов Москвадагы клиникалардын бирине жаткырылган. Андан кийин инсульт алган.

Ссылка: https://barometr.kg/habibdin-atasy-abdulmanap-nurmagomedov-tuuraluu-tasma-tartty-video



Добавить комментарий