Хабиб Нурмагомедовдун атасы каза болду. Ал 18 дүйнө чемпионун тарбиялаган

3 июля 2020 18:01 963 Barometr
Поделиться в:
ok

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов көз жумду. Бул тууралуу Чечен республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдун социалдык тармактагы баракчасына таянуу менен «Барометр» билдирди.

«Кайгылуу кабар мага да жетти. Абдулманап Нурмагомедов дүйнө салды. Анын үй-бүлөсүнө элимдин атынан көңүл айтам. Албизге жакшы атын жана мыкты муунду тарбиялап кетти”, - деди Рамзан Кадыров.

Ага эки тараптуу пневмония диагнозу менен коюлуп Абдулманап Нурмагомедов Москвадагы клиникалардын бирине жаткырылган. Андан кийин инсульт алган. Уулу Хабиб атасынын абалы оор экенин буга чейин айтып келген.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын сентябрында Абдулманап самбо боюнча чемпиондорду эң көп тарбиялаган машыктыруучу катары Россиянын рекорддор китебине киргизген.

Расмий маалыматтарга ылайык, Нурмагомедов дүйнөнүн 18 чемпионун тарбиялаган.

Ссылка: https://barometr.kg/habib-nurmagomedovdun-atasy-kaza-boldu-al-18-djn-chempionun-tarbiyalagan



Добавить комментарий