Хабиб Нурмагомедов: "Бир эле учурда ата, дос, бир тууган жана машыктыруучум болдуң"

23 июль 2020 10:30 1241 Barometr
Бөлүшүү:
ok

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов каза болгон атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов тууралуу алгачкы билдирүүсүн жазып чыкты. Бул тууралуу аталган спортчунун социалдык тармактагы баракчасына таянып «Барометр» билдирет.

Бүгүн, 23-июлда UFC чемпиону атасын эскерип жазган билдирүүсүндө аны сагынып жатканын, атасына ыраазы экенин айткан.

«Сен мага бир эле кезде ата, дос, бир тууган жана машыктыруучум болдуң. Мен билген, мен жетишкен нерсенин баарын сен үйрөткөнсүң. Сен мага ыраазы болдуң деп үмүттөнөм. Ата-эне ыраазы болсо, Жараткан да ыраазы болот эмеспи», - деп жазган Хабиб Нурмагомедов.

Эскерте кетсек, UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов ушул жылдын 3-июлунда көз жумган.

Ага эки тараптуу пневмония диагнозу коюлуп Москвадагы клиникалардын бирине жаткырылган. Андан кийин инсульт алган.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын сентябрында Абдулманап самбо боюнча чемпиондорду эң көп тарбиялаган машыктыруучу катары Россиянын рекорддор китебине киргизген.

Расмий маалыматтарга ылайык, Нурмагомедов дүйнөнүн 18 чемпионун тарбиялаган.

Ссылка: https://barometr.kg/habib-nurmagomedov-bir-ele-uchurda-ata-dos-bir-tuugan-zhana-mashyktyruuchum-boldu



Добавить комментарий