Гүлжайна Атакановага сезимдерин билдирген Сагын Эргешов: "Ушул учурду күнү бою чыдамсыздык менен күттүк"

11 май 2019 13:08 24772 1 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кечээ куудул Гүлжайна Атаканова менен алып баруучу жигит Сагын Эргешовдун ортосунда мамиле бар деген жаңылык тараган. Бул маалыматты ырастаган видео тасма жана сүрөттөр менен белгилүүлөр экөө тең бөлүшүп, сүйүү сөздөрүн жазышкан

Аталган жаңылык чыгаары менен көпчүлүк ар тараптуу сынга алууга өткөн. 

Бирок алар мунун баары тамаша болчу деп элдин толкундоолорун басты.

Сагын Эргешов Barometr.kg сайты менен байланышка чыгып, кечээги айтылган сөздөр тамаша экенин ишендирүүгө аракет кылды.

Сагын Эргешов:

  • "Оюндан от чыгат болду окшойт. Кечээ Гүлжайна Атаканова эжемдин туулган күнүнө барып, сөздөн сөз чыгып олтуруп достор менен мелдеше кетип, кечээтен бери элди дүрбөтүп жаткан видеону тартып киргизип койгон элек. Атың чыкпаса жер өрттө болуп деле хайп жасап жаткан эмеспиз. Болгону мелдешип койгон соң, сөзгө туруу керек болду. Мелдеш учурунда мынча талкуу болоорун анча деле ойлобой, кызуу кандуулук менен киргизип салган экенбиз. Убада боюнча ушул убакытка чейин эч нерсе дебей турушубуз керек эле, сөзүбүздө туруп, убаданы аткардык. Ушул учурду күнү бою чыдамсыздык менен күттүк. Баарыңыздардан чын жүрөктөн кечирим сурайбыз! Гүлжайна эжемди бир тууганымдай жакшы көрөм, чыгармачылык ийгилик жана бакыт каалайм", -деп баары тамашанын артынан келип чыкканын айтып, Атаканованы дагы бир жолу туулган күнү менен куттуктады.

Ал эми Гүлжайна Атаканова өзү бул тууралуу:

"Бир тууганымсың сен менин. Адамдарга таң калдым, улуу орозонун күнүндө да күнөөгө баткандар болду. Келин балам мененбактылуу бол. Өтө жакшы инсансың, белектер үчүн рахмат", -деп Сагынга ыраазычылыгын билдирди.


Ссылка: https://barometr.kg/glzhajna-atakanovaga-sezimderin-bildirgen-sagyn-ergeshov-ushul-uchurdu-kn-boyu-chydamsyzdyk-menen-kttk



Добавить комментарий