Куудул Гүлжайна Атаканова өзүнөн 13 жаш кичүү алып баруучу жигиттин сүйүүсүн кабыл алды (видео, сүрөт)
Куудул Гүлжайна Атаканова туулган күнүндө өзгөчө жаңылыгы менен көпчүлүктүн оозун ачырды. Дегенибиз жаш алып баруучу Сагын Эргешов аттуу жигит куудул кызга сезимдерин билдирди.
Алар экөө да аталган жагдай боюнча интернет баракчаларына видео тасма менен бөлүштү. Көпчулүк бир таңкалып жатканын айтса, кайра кыргыздын Максим Галкини менен Алла Пугачёвасы болосуңар эми деп күлүп калышууда. Башкалар болсо таптакыр болушу мүмкүн эмес деп ишенимдүү түрдө пикирлерин жазып калтырышууда.
Белгилей кетсек, Гүлжайна Атаканова учурда 36 жашка толду ал эми "жигити" 23 жашта. "Сүйүшкөндөрдүн" жаш аралыгы 13 жаш.
Алып баруучу жигит Сагын Эргешов бул тууралуу:
"Гүлжайна жаным, алтыным, сүйгөнүм туулган күнүң менен! Сенин бар экениң жетиштүү мага. Сүйүү жашка карабайт", -деп элди таң калтырды.
Анын артынан Атаконова да:
"Сагын чооң рахмат. Сезимдериңди кабыл алдым. Сени жолуктурган тагдырыма ыраазымын", -деди.
Алар экөө да жүктөгөн видео тасмада Сагын Эргешов өзүмдүн сүйгөнүмдү куттуктоого келип калдым деп куудулга кучак толо гүл сунганын көрүүгө болот.
Ошентсе да "бул хайп" деп өзүн жоошуткандар да жок эмес.
Добавить комментарий ×
Эми билбейм канчага созулган суйуу бул ,азыр суйуу кары жашка карабайт да Гулжайна деле жаш бактылуу болушсун. 👍🌹