ГЭС-2 айылындагы газ түтүгүнүн жарылуусунан эки жабырлануучу ооруканаларга жаткырылды

11 февраль 2021 18:02 2300 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу ГЭС-2 айылындагы газ түтүгүнүн жарылуусунан эки адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Жеке үйдөгү газ түтүгүнүн жарылуусунан 79 жаштагы П.Г. тез жардам кызматы менен Бишкек шаардык травматология жана ортопедия борборуна жеткирилип, учурда алдын-ала текшерүүдөн өтүп жатат.

Ал эми, 16 жаштагы Ш.Х. денсинин бир нече жеринен жаракат алган жана сол колу сынган деген алдын-ала диагноз менен, шаардык балдардын тез жардам ооруканасына жаткырылды”, - деп айтылат маалыматта.

 Эске сала кетсек, бүгүн 11-февраль күнү 15:00 дөр чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы ГЭС-2 айылынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн жаратылыш газ түтүкчөсү жарылып, 13 жашар бала каза болгону кабарланган. 

Ссылка: https://barometr.kg/ges-2-ajylyndagy-gaz-ttgnn-zharyluusunan-eki-zhabyrlanuuchu-oorukanalarga-zhatkyryldy



Добавить комментарий