Футбол: Кыргызстан курамасы Тажикстанга менен беттешке кызыл кийимчен чыгышат

19 ноябрь 2019 09:01 4144 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 19-ноябрда өтүүчү Кыргызстан – Тажикстан футболдук беттешинде улуттук курамабыз кызыл түстөгү кийимчен ойнойт. Бул тууралуу кечээ өткөн чүчүкулакта анык болгонун өлкөнүн футбол федерациясы кабарлады.

Кыргызстан курамабыз Мамлекеттик Туунун өңүндөй кызыл түстөгү формасын кийишет. Ал эми Тажикстан командасы ак-кызыл түстүү кийимчен ойношот”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетели, 2022-жылдагы Дүйнө Кубогу жана 2023-жылы өтүүчү Азия Кубогуна тандоо турунун алкагында бүгүн, 19-ноябрда Кыргызстандын улуттук курамасы Тажикстанды кабыл алат. Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо саат 20:00дө башталат.

Бул этапта Акшумкарлар “F” тайпада Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма курамалы менен күч сынашууда.

Бешинчи турдун жыйынтыгында Япония 12 упай менен тизмеде сап башында. 6 упай топтогон Кыргызстан менен Тажикстан экинчи, үчүнчү орунду бөлүшүп турат.

Бул курамалардын Душанбеде болгон биринчи беттешинде Тажикстан командасы 1:0 эсебинде утуп алган.

Ссылка: https://barometr.kg/futbol-kyrgyzstan-kuramasy-tazhikstanga-menen-betteshke-kyzyl-kijimchen-chygyshat



Добавить комментарий