Кыргызстан футболдон дүйнө чемпионатына тандоо оюнунда Тажикстанга жеңилди

5 сентября 2019 22:37 4764 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн футбол боюнча Кыргызстан улуттук курамасы 2022-жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алгачкы беттешинде Тажикстан менен конокто ойноп, 1:0 эсебинде утулуп калды.

Талаа ээлеринин чабуулчусу 10-катар санындагы Алишер Жалилов беттештин 41-мүнөтүндө мыкты жасалган комбинациялык чабуулду голго айлантты, 1:0. Бул эсеп беттештин аягына чейин өзгөргөн жок.

Кыргызстан курамасы 2022-Дүйнө жана 2023-жылы Азия Кубогуна тандоо этабында Жапония, Тажикстан, Мяньма жана Монголия курамалары менен бирге «F» тайпасына жайгашкан. Биринчи беттешти Тажикстан менен ойноду.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-futboldon-djn-chempionatyna-tandoo-oyununda-tazhikstanga-zheildi



Добавить комментарий